Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Бишкек-Ош жолу ачылды


Башкы магистралдагы кар көчкүнү тазалоо иштери аяктаганына байланыштуу, жол 19-февраль күнү түндө ачылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын адиси Абдышарип Бекилов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, түнкү саат 12ге жакын Ала-Бука –Каныш-Кыя –Кировка жолу да ачылып, автоунаалар өз багыттары боюнча жөнөп кетишкен.

Маалыматтарга ылайык, 20-февраль күнү Бишкек-Ош жолунда кар көчкүнү аткылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу жолдо унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилүүсү ыктымал.

Бишкек-Ош жолунун беш жерине жалпы көлөмү 50 миң кубметрге жакын кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу 19-февралдын түнүндө жол жабылган болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG