Кыргыз алтынын сатып алуучу өлкөлөрдүн арасынан Швейцария алдыңкы көрсөткүчтү кармап калды. Кыргызстан 42% алтынын аталган өлкөгө экспорттоп жатканын Экономика министрлиги кабарлады.
Жалпысынан Кыргызстан 80ден ашуун өлкөгө өз товарларын сатат. Алардын ичинен:
Швейцария - 42 %;
Казакстан - 17,8%;
Орусия - 9%;
Өзбекстан - 8,1%;
Түркия - 5,8%,
Бириккен араб эмирлиги - 2,4%;
Кытай - 5,2%;
Британия - 2,1% көрсөткүчтөр менен экспорттун көлөмү жарыяланды.
Кыргызстандын экспорттук көрсөткүчүнүн ичинен алтын 45,4% менен алдыңкы сапты кармап келет. Айыл чарба азыктарынын экспорту 12% болсо, жеңил өнөр жай 11% түзөт.