Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11
Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды

Күч органдары "Манас" аэропортунда кармап кеткен Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаев 48 саатка камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова билдирди.

04:39 26.2.2017

Жогорку Кеңештин депутаты, оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевди күч органдарынын өкүлдөрү Стамбулдан келип конгон учактан чыгып аткан маалда кармап кетти. Бул тууралуу аны менен чогуу учуп келген жубайы Айгүл Текебаева "Азаттыкка" билдирди.

04:40 26.2.2017

"Манас" аэропортунун жанына чогулган "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тараперлерин жана чагылдыруу үчүн барган журналисттерди милиция кармап жатат. Бул тууралуу " Азаттыктын" кабарчысы билдирди. Кармалгандар арасында депутат Каныбек Иманалиев да бар. Депутат милиция мыйзамды бузуп, аларды күч колдонуу менен орой түрдө кармаганын айтты. Учурда алар милициянын атайын автобусунда кармалууда.

Депутат Каныбек Иманалиев кармалып, кайра коё берилди.
Депутат Каныбек Иманалиев кармалып, кайра коё берилди.

04:51 26.2.2017

"Азаттыктын" кабарчысы Бакыт Асанов жеринен кабарлагандай, учурда Бишкектеги УКМК имаратынын алдында оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери топтолуп, күч органдары да жыш тизилип турат. Текебаевдин адвокатын ичкери киргизбей жатышат.

05:00 26.2.2017

Депутат Аида Салянова Текебаевдин адвокатынын УКМК имаратынын ичине киргизилбей жатышын "мыйзамсыз" деп атады. Анын айтымында, кармалган адам дароо өз адвокаты менен сүйлөшүүгө укуктуу. Күч органдарынын арасында жүргөн ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев бул боюнча азыр комментарий бере албастыгын, иликтөө жүрүп жатканын "Азаттыкка" айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG