Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:26

Дүйшөнкул Чотонов 48 саатка камалды


Дүйшөнкул Чотонов.
Дүйшөнкул Чотонов.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, Чотоновго коррупцияга жана шылуундукка шектелип, кылмыш иши козголгон.

Дүйшөнкул Чотонов 26-февраль күнү Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган.

Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Дүйшөнкул Чотонов “Ата мекен” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Апрель окуясынан кийин Өзгөчө кырдаалдар министри, андан кийин Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси кызматтарын аркалаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG