Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Депутат Шыкмаматов УКМКда сурак берүүдө


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берүүдө. Ал адвокаты менен жарым саат мурун атайын кызматтын имаратына кирген.

Башкы прокуратура Шыкмаматовго 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн "жасалма тендер өткөрүүгө аралашкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негизде 17-февралда кылмыш ишин козгогон. Ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тергеп жатат.

Шыкмаматов 24-февралда да УКМКда он сааттан ашык сурак берген эле.

Учурда “Ала-Тоо” аянтында Шыкмаматовдун партиялашы Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери митинг өткөрүүдө. Алар депутаттын камактан бошотулушун талап кылышууда.(BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG