Линктер

бейшемби, 18-январь, 2018 Бишкек убактысы 11:49

Мындай пикирин Борбор Азия боюнча саясий эксперт Аркадий Дубнов Орусия менен Кыргызстандын президенттеринин жолугушуусуна байланыштуу “Азаттыкка” билдирди. Дубнов президент Атамбаевдин “президенттик шайлоодон кийин да саясатта калам” деп ырастоосу өзү сүрөгөн талапкерге Москванын колдоосун күткөнү деп эсептейт:

-Алмазбек Атамбаев “эгер мен сүрөп чыккан талапкерди Москва коркпой эле колдой берсе болот” дегенди ишара кылды. Келечектеги талапкер Орусияга ыктаган саясат жүргүзөт жана Атамбаев президенттиктен кетсе да, саясатта калып, аны көзөмөлдөй алат деген сөз болушу мүмкүн. Мындай жол менен Путинди кийинки бийликте да учурдагы жүргүзүлүп жаткан саясат улантылат деп, көндүргүсү келди окшойт.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусия мамлекет башчысы Владимир Путин 28-февралда Бишкекте жолуккан. Жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында Атамбаев президенттиктен соӊ да саясатта каларын айткан.

Путиндин бул сапарын Кыргызстанда күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого байланыштырып, өзүнүн талапкерин таңуулайт деген пикирлер да айтылган. Ошондой эле акыркы убактарда президенттикке талапкерлер ириде Москванын макулдугун алышы керек деген каңшаарлар арбыган.(BkA/ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG