Кырсыкка кабылган Илим Карыпбековдун абалы турукташып бара жатканын Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, Коомдук телеканалдын жетекчиси сүйлөөгө жарап калды:
- Ага азыр көп сүйлөөгө болбойт. Жакындарынан башкаларга жолукканга уруксат жок. Азырынча журналисттерди да анын палатасына киргизе албайбыз.
Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) жетекчиси Илим Карыпбеков 1-марттын түнүндө Бишкектеги түштүк магистралда автокырсыкка кабылган. Көкүрөк тушунан катуу жараат алып, эс-учун жоготкон Илим Карыпбековго операция жасалган.
1-март күнү түштөн кийин эсине келип, сүйлөөгө жараган.(ZKo)