Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:09

Карамушкина Текебаевди колдогон эксперттин жоопкерчилигин кароого чакырды


Ирина Карамушкина.

КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина 2-марттагы жалпы жыйында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышы боюнча интернеттеги социалдык тармактарда пикирин билдирген парламент аппаратынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароону сунуштады.

Ал "Ата Мекен" фракциясынын эксперти Калысбек Боронбаевди мисал келтирип, анын "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу элди митингге чакырганын сынга алды:

- Силердин экспертиңер Калысбек Боронбаев "эртең, 1-мартта Текебаевди колдоо митинги уланат. Саат 12:00дө Ак үйдүн алдына келгиле!" деп жазып, элге кайрылыптыр. Көрдүңөрбү, силердин аппараттагы кызматкерлер элди чакырып атат. Ал жакта эмне болуп жатканын көрүп атабыз. Ал митинг менен чакырыктын ортосундагы чектен чыгып кеткен.

Бул пикирден кийин Калыс Боронбаев Карамушкинага ачык кайрылуу жолдоп, өзүнүн "Фейсбуктагы" митинг тууралуу чакырыгы мыйзамдуу болгонун билдирди:

- Орустун аферистине ишенип, эл депутатын мыйзамсыз камакка алганда мыйзам кимдин эсине келди эле? Ал мыйзамсыздык тууралуу ооз ачканга жарабай, эми жарандардын социалдык тармактарда өз пикирин айтуусуна бөгөт койгону жатасызбы? Менин жана мага окшогон адамдардын Конституцияда бакыйып жазылып турган сөз эркиндигин тебелеп-тепсегени турасызбы? Үн чыгарган, бийликке жакпаган пикирди айткан инсандардын баарын камап, Жогорку Кеңештин сессиясынан айтып, кодулап, куугунттукка алгыңыз келеби? Баш мыйзамды мен эмес, сиз бузуп жатпайсызбы!? Мыйзам баарына бирдей болсун! Өзүңүздүн да мыйзам алдында жоопкерчилигиңиз бар экенин унутпаңыз!, - деп жазылган кайрылууда. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG