Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:00

Бомба тууралуу жалган маалымат берген адам кармалды


Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматына таянсак, 1-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Кең-Булуң айылындагы мектептин күзөтчүсүнөн имаратка бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жакка УКМК жана ИИМ кызматкерлери барып, мектепти жана анын айланасын текшерип чыгып, шектүү зат тапкан эмес. Андан кийин мектепте окуу башталган.

Ушул эле күнү жардыргыч зат коюлган деп жалган маалымат берген 48 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Ал мектепте күзөтчү болуп иштеген тууганын тамашага салганын айтып берген. (NT)

XS
SM
MD
LG