Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:46

Паспорт чырына байланыштуу 13 кызматкердин жоопкерчилиги каралды


Иллюстративдик сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей,Түштүк Кореяга барып иштөө максатында жарандарды жергиликтүү этникалык корейлер менен формалдуу никеге тургузуп, документ жасоо фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү.

7-февралда бул маселени териштирип чыгуу үчүн кызматтык комиссия түзүлгөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө никеге тургузуу, ажыраштыруу, фамилия, аты-жөнүн өзгөртүү жараяндары мыйзам бузуу менен ишке ашканы аныкталган. Натыйжада ЗАГСтын 13 кызматкеринин жоопкерчилиги каралды. Бишкек шаардык калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин орун басарына сөгүш жарыяланды. Мекеменин ЗАГС бөлүмүнүн жетекчиси жана үч райондун бөлүм башчылары кызматтан алынды. Мындан тышкары райондук ЗАГС бөлүмдөрүнүн төрт кызматкери жумуштан айдалып, дагы төртөө ээлеген кызматына толук жооп бербейт деп табылды.

​17-февралда топтолгон материалдар укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жиберилген. Анын негизинде Башкы көзөмөл органы Кылмыш кодексинин "304-315-кызмат абалынан кыянат пайдалануу, документ жасоо" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Башкалаанын Ленин, Свердлов, Биринчи Май жана Октябрь райондук ЗАГС бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери 2016-жылдын июнь-сентябрь айларында Кыргызстандын 56 жаранын мыйзамсыз ажыраштырып, кайра никеге тургузуп жана фамилия алмаштырганын жарыялаган.

Февралдын башында Түштүк Кореяга кетүү максатында аты-жөнүн корейче өзгөрткөн 20га чукул жаран Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн шылуундар менен кызматташып, документ жасашат деп айыптап, "Азаттык" радиосуна кайрылышкан болчу. Корей ысымдары менен паспорт алып, бирок чет өлкөгө кете албай алданып калган жарандардын саны 100дөн ашарын билдиришкен. Бирок, алардын он алтысы гана укук коргоо органдарына кайрылган, калгандары корей ысымдары менен Кореяда иштеген туугандарына залака тийбесин деген жүйө менен арыз жазган эмес.

Расмий маалыматка таянсак, ушул тапта Түштүк Кореяда иштеген кыргызстандыктардын саны 15 миңге чукул. Алардын канчоо маянасы көп жумуш табуу үчүн аты-жөнүн өзгөртүүгө аргасыз болуп иштеп жатканы белгисиз. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG