Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:06

Молдова Москвадагы элчисин түшүндүрмө бербестен чакыртып алды


Молдова Москвадагы өкүлүн эч кандай түшүндүрмө бербестен чакыртып алды.

Премьер-министр Павел Филип жетектеген өкмөт 1-мартта элчи Димитрий Брагисти чакыртарын билдирген.

Апта башында москвачыл президент Игорь Додон Британия, Австрия жана Беларустагы элчиликтерди жетектөөгө өкмөт көргөзгөн талапкерлерге макул болбой койгон. Байкоочулар муну менен европачыл премьер-министрдин кыжырын келтирген дешет.

Орусия Кишиневдун бул чечимине таң калганын, расмий түрдө алдын ала эскертүү албаганын билдирди.

Элчилердин дайындоо жана чакыртып алуу ар бир өлкөнүн өз укугу, бирок албетте расмий эмес түшүндүрмө күтөбүз, - деди орус тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин.

XS
SM
MD
LG