Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Жанар Акаев ЕАЭБдин алдыңкы жаш лидери аталды


Депутат Жанар Акаев
Депутат Жанар Акаев

ЕАЭБдин алдыңкы жаш лидерлеринин тизмесине Кыргызстандан үч киши кирди. Орусия президентине караштуу эксперттик-аналитикалык борбор ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, Абхазия жана Түштүк Осетиянын жаш лидерлеринин рейтингин жарыялады. Ага Кыргызстандан үч адам кирген. Тизменин башында Жогорку Кеңештин депутаты, Илим, билим, саламаттыкты сактоо жана маданият комитетинин төрагасынын орун басары Жанарбек Акаев турат. Андан тышкары Экономика министрлигинин Инвестицияларды колдоо бөлүмүнүн башчысы Медер Алиев жана саясат таануучу, "Евразиялыктар - Жаңы толкун" фондунун Кыргызстандагы өкүлү Денис Бердаков бар.

Эксперттик-иликтөө борборунун жетекчиси Николай Калмыковдун маалыматы боюнча, рейтинг саясат талдоочулардын, саясий технологдордун жана жарандык активисттердин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолордун негизинде түзүлгөн. Ошондой эле талапкерлердин саясий активдүүлүгү, социалдык тармактардагы жана ири маалымат каражаттарындагы орду да эске алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG