Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:22

Базар-Коргондо Текебаевдин тарапташтары мөөнөтсүз акциясын улантып жатышат


Акман айылындагы акция.

Ош-Бишкек унаа жолунун Акман участкасына тигилген боз үйлөрдө Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары нааразычылык акциясын улантып жатышат. Бул тууралуу "Ата-Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Кубат Артыков "Азаттыкка" билдирди:

-Бишкек шаарында аба ырайына байланыштуу нааразылык акциялары токтотулганы менен биз улантып жатабыз. Боз үйлөрдө күндүзү 100 чамалуу адам чогулуп, түнкүсүн 30 адам нөөмөттө туруп жатышат. Ушул жерде Текебаевди коргоо штабы да иш алып барууда.

Ошол эле учурда жол жээгине чогулгандарды 50гө чукуп тартип сакчылары көзөмөлдөп турушат.

Митингчилер буга чейин район акимчилигинин алдына чогулуп, боз үй тигишкен. Район бийлигинин тыюусунан кийин аны жол боюна көчүрүп келишкен.(RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG