Кыргызстанда айыл мектептериндеги башталгыч класстардын мугалимдери арасында сынак жарыяланды. Билим жана илим министрлигинен кабарлашкандай, “Биринчи мугалим – 2017” сынагы Санжарбек Данияров атындагы коомдук фонддун демилгеси менен уюштурулууда.
Сынакка өлкөнүн бардык айылдарында жашаган, жалпы билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан педагогика кызматкерлери катыша алат.
Алдыңкы орунду ээлеп, «Биринчи мугалим - 2017» наамына татыган мугалим Ардактуу диплом менен катар Москвада 10 күндүк маданий-таанышуу сапарында болуп келүү укугуна татыйт.
Ал эми 1, 2 жана 3-орунга татыгандар окуучулары менен бирге Бишкекке бир күнгө келип кетет.
Окумуштуу-физиолог, педагог, дарыгерлердин бир нече муунунун тарбиячысы, агартуучу Санжарбек Данияров 2011-жылы 83 жашына дүйнө салган.
Анын атындагы коомдук фонд өлкөдөгү билим берүү жана маданияттын өнүгүүсүн, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарына көмөктөшүү ишин жүргүзөт.(RK)