Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Канат Керезбеков КСДПдан депутат болду


Юридика академиясынын жетекчиси Канат Керезбеков Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат болду. Боршайком бүгүн бул тууралуу токтом кабыл алганын "Азаттыкка" БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Керезбеков өзү Бишкекте болбогондуктан ага мандат жана күбөлүк тапшыруу кийинкиге калды.

Ал Тилектеш Исаевдин ордуна келди.

Исаев жеке арызынын негизинде депутаттыктан баш тарткан.

КСДПнын ЖК депутаттыгына талапкерлер тизмеси боюнча кийинки кезекте президенттик аппараттын мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов. (RK)

XS
SM
MD
LG