Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Кыргызстанга бала сатып жаткан өзбек жараны кармалды


Өзбек акчасы.
Өзбек акчасы.

Өзбекстандын Анжиян облусунун тургуну Кыргызстанга бала сатууга аракет кылган деп шектелип кармалды.

Kun.uz сайты Анжиян облустук Бажыкана башкармалыгынын маалыматына таянып билдиргендей, Булакбашы районунда жашаган келин бир жарым жашар кызын 20 миллион сумга (5000 АКШ долларынан ашуун) соодалашкан.

"Наристегеге документ даярдалган эмес. Кардарлар ага Кыргызстандан күбөлүк алууга макулдашкан. Энеси акчаны алып жаткан учурда колго түшкөн",- деп айтылат маалыматта.

Келиндин үстүнөн Өзбекстандын Кылмыш кодексинин тиешелүү беренеси менен кылмыш иши козголду. (SE)

XS
SM
MD
LG