Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

АКШнын коргонуу чыгымы көбөйүшүнүн Орусияга таасири тийбейт


Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

Бул тууралуу орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Анын айтымында, эгер “стратегиялык баланс” өзгөрбөсө, АКШнын коргонуу чыгымдарын көбөйтүү пландарынын Орусияга эч таасири тийбейт.

АКШнын аскерий бюджетин дээрлик 10% же 54 миллиард долларга көбөйтүүнү көздөй турганын президент Дональд Трамп 27-февралда жарыялаган.

Учурда Москва президент Трамптын тушунда АКШнын тышкы жана коргонуу саясаты кандай болоруна жакындан байкоо салып жаткан учуру.

Путиндин басма сөз катчысы Песков 1-мартта айткандай, Орусия Вашингтондун Москвага карата саясатынын болочок багыты боюнча ишараларды "чыдамкайлык” менен күтөт. (UE)

XS
SM
MD
LG