Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:49

Активисттер: Европа Кыргызстандагы окуяларга байкоо салууда


Өмүрбек Текебаевди колдогондордун Бишкектеги митинги. Солдо активист Адил Турдукулов. 27-февраль, 2017-жыл.

Оппозиция активисттеринин Европадагы жолугушууларында Текебаевдин камалышы да каралууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Женевадан оппозиция активисттери Адил Турдукулов жана Бегаалы Наргозуев билдиришти:

- Кыргыз активисттери менен жолугушкандар Кыргызстандагы бүгүнкү окуяларды абдан жакшы билишет экен, көз салып турушат. Анын ичинде Текебаевдин окуясын, камалышын байкашууда. Текебаев да биздин делегациянын курамында келмек. Бир ай мурда, алдын ала даярдалган сапар болчу. Андыктан, кырдаалды өздөрү байкап турушкан экен, билишкен экен, - деген Бегаалы Наргозуевдин айтымында, активисттер 3-март күнү Женевада укук коргоо органдарын реформалоо багытында иш жүргүзгөн эл аралык уюмдун өкүлдөрү менен жолугушуп, күч түзүмдөрүн саясаттан ажыратуу маселесин талкуулашты.

Кыргыз өкмөтү менен иштешип келаткан эл аралык уюмдун өкүлдөрү активисттердин бул багыттагы көз-караштарына кызыгышты.

Кыргыз активисттеринин сапары Швейцариядан соң Германияда жана Евробиримдиктин борбордук институттары жайгашкан Брюсселде уланат:

- Атамбаев Брюсселде Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Могерини менен жолукканда Кыргызстанда демократия алдыга кетти, таза шайлоо болот деген чоң убадаларын берип, бирок Бишкекке жетери менен эле оппозициячыл саясатчыларды, анын ичинде Текебаевди камап, куугунтукка өттү. Бизде ошол кош стандартты Европага жеткирели деген оюбуз бар, - деди Бегаалы Наргозуев.

Башкы прокуратура орус жаранынын көрсөтмөсүнүн негизинде Өмүрбек Текебаевге Кылмыш кодексинин “коррупция”, “көз боёмочулук” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ал апта башында эки айга камалган.

Президент Атамбаев өзүнүн башкы оппонентинин кылмыш ишин коррупция катары, абактагы саясатчынын жактоочулары муну өч алуу жана куугунтук катары баалашууда. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG