Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Кытай аскердик бюджетин жети пайызга көбөйтөт


Кытай аскерлери
Кытай аскерлери

Кытай 2017-жылы аскердик бюджетин жети пайызга жогорулатат. Бул тууралуу өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруучу органы - Эл өкүлдөр жыйынынын өкүлү билдирди.

Маалыматка караганда, коргоо тармагына кеткен чыгымдар 150 миллиард долларга көбөйөт. Мындай көрсөткүч АКШнын аскердик бюджетинин төрттөн бир бөлүгүн түзүп калат. Расмий Бээжин аскердик бюджетти көбөйтүү чечими мамлекеттик коопсуздукка байланыштуу экенин, башка өлкөлөр менен каршылыктар жана тышкы коркунучтар ага таасир этпегенин айтууда.

Кытайдын аскердик бюджети АКШдан кийинки орунда турат жана 2 миллион аскери бар.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин НАТО жетекчилиги аскердик бюджетин он жыл ичинде эки пайызга чейин көтөрмөй болгон.

XS
SM
MD
LG