Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:49

Үмөталиев сурактын чоо-жайын айткан жок


Убактылуу өкмөттө Экономикалык тескөө министринин милдетин аткарган ишкер Эмил Үмөталиев Улуттук коопсуздук комитетине сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосуна ырастады, бирок кайсы маселе боюнча суракка чакырылганын айткан жок. Суракта айтылгандарды ачыкка чыгарбоо тууралуу кол коюп бергенин айтуу менен чектелди.

Буга чейин УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов Эмил Үмөталиев "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу күбө катары суракка чакырылганын маалымдаган. Үмөталиев 2010-жылы Убактылуу өкмөттө Экономикалык тескөө министринин милдетин аткарган, азыркы кезде Kyrgyz Concept компаниясынын президенти.

Текебаевге козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. Укук коргоо органдары Өмүрбек Текебаевди орус жараны Леонид Маевскийден пара алган деп айыптоодо. УКМКнын тергөө абагына 25-апрелге чейин камалган саясатчы бул айыпты четке кагууда.(NT)

XS
SM
MD
LG