Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

Атамбаев: судьялар корпусу 90 пайызга жаңыртылды


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 4-мартта сот тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата жолдогон куттуктоосунда белгилеген.

Анда сот бийлигинин жүзүн жакшы жагына өзгөртүү аракеттери көрүлгөнү, судьялар корпусу 90 пайызга жаңыртылып, материалдык-техникалык база чыңдалып жатканы айтылат.

Ошол эле учурда кыргыз коомчулугунда дале болсо судьяларга карата терс мамиле бар экени эске салынган, муну жакшы жагына өзгөртүү керектиги, коом ишенген сот бийлигин калыптандыруу үчүн реформаны улантуу зарылдыгы жазылган.

Өлкөдө сот реформасы алты жылдан бери жүрүп жатканы айтылып келет. Бирок коомчулукта андан майнап чыкпай жатат деген сын-пикирлер арбын. (NT)

XS
SM
MD
LG