Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:56

Түркиядагы кыргыз студенттер ак калпак жана желек күнүн майрамдашты


Кайсери шаарындагы кыргызстандык студенттер.

Түркиянын Кайсери шаарындагы кыргызстандык студенттер 4-мартта желек жана ак калпак күнүн белгилешти. Майрамды Кайсеридеги "Кыргызстандык студенттердин биримдиги" уюштурду. Анын жетекчиси Манасбек Максүтовдун айтымында, ал жактагы бардык кыргызстандык жигиттер ак калпак кийишип, туу көтөрүп жүрүштү. Иш-чарага түркиялык жана чет өлкөлүк студенттер да катышып, кыргызстандыктар аларга калпак жана желек, Кыргызстан тууралуу маалымат беришти:

- Биз башкаларга Кыргызстанды жана улуттук кийимдерибизди таанытууну максат кылдык. Кайсериде билим алган 35 студенттин кыргыз тилиндеги куттуктоолорун социалдык тармактарга жайгаштырдык. Ирак, Тайланд, Африкадан келген досторубузга Кыргызстан жөнүндө айтып бердик.

Түркиянын Кайсери аймагында жалпысынан жүздөн ашык кыргызстандыктар жашап, иштейт. Алардын басымдуу бөлүгү студенттер.

Бүгүн Кыргызстанда Ак калпак күнү. Ал эми мамлекеттик туунун кабыл алынганына 3-мартта 25 жыл толду. (ElB)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG