Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Окуучулардын бычакташуусу боюнча кылмыш иши козголду


Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад шаарындагы окуучулардын бычакташуусу боюнча Кылмыш кодексинин "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, ишти азыр шаардык милиция тергеп жатат.

2-мартта №19-мектептин 9-классында окуган бала №9 Раатбек Санатбаев атындагы мектептин эки окуучусун бычактап салган. Жабыр тарткан окуучулардын бири эсине келе элек, бейтапкананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бычак анын далысына сайылып, өпкөсүн тешип кеткен.

Ушул эле мектептин экинчи окуучусу колуна бычак жеп, медициналык жардам алгандан кийин үйүнө жиберилген. Ал эми аларга бычак сайган окуучу милицияда сурак берүүдө.

Окуяга мектеп окуучуларынын арасындагы пикир келишпестик түрткү бергени айтылууда. Милиция анын себептерин иликтөөдө. (NT)

XS
SM
MD
LG