Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Трамп иммиграция боюнча жаңы жарлыкка кол коёру күтүлүүдө


АКШ президентинин алгачкы иммиграциялык жарлыгына каршы Чикаго аэропортундагы нааразылык. 29-январь, 2017-жыл.
АКШ президентинин алгачкы иммиграциялык жарлыгына каршы Чикаго аэропортундагы нааразылык. 29-январь, 2017-жыл.

Америкалык медианын кабарларына караганда, президент Дональд Трамп айрым мусулман өлкөлөрдүн жарандарынын АКШ кирүүсүнө тыюу салган жаңы жарлыкка 6-мартта кол коюуну мерчемдөөдө.

Politico сайты жана CNN телеканалы Ак үйдөгү расмий адамга шилтеме жасап кабарлагандай, жаңы жарлыкка Ички коопсуздук министрлигинде кол коюлат, бирок кол коюнун убактысы өзгөрүп кетиши да мүмкүн.

Трамптын 27-январдагы алгачкы жарлыгы жети мусулман өлкөсүнүн жарандарынын АКШга келүүсүнө 90 күнгө тыюу салган. Ал жарлыкта АКШнын качкындарды кабыл алууну 120 күнгө, ал эми сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө токтотуусу да каралган эле.

Жарандарынын АКШга келүүсүнө убактылуу тыюу салынган жети өлкөнүн тизмесине Иран, Ирак, Ливия, Сомали, Судан, Сирия, Йемен киргизилген.

Бирок жарлыктын аткарылышы АКШнын федералдык сотунун судьяларынын чечими менен токтотулуп, Ак үй президент Трамп кайра каралган жаңы жардыгын чыгарарын жарыялган.

Президент өзү мындай чара АКШга ыктымал террорчулардын келишин алдын алуу үчүн зарылдыгын билдирген.

Маалыматтарга караганда, жаңы жарлык мурдагыдан эмнеси менен айрымалана турганы анык белгисиз.

Америкалык медиа кабарлагандай, президент жаңы жарлыктын акыркы долбоорун талкуулоо үчүн 4-мартта Флоридада Башкы прокурор, юстиция министри Жефф Сешнс, ички коопсуздук министри Жон Келли, Ак үйдүн кеңешчиси Стив Бэннон менен жыйын өткөргөн. (UE)

XS
SM
MD
LG