Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Назарбаев динге байланыштуу мыйзамды кайра кароону сунуштады


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев динге байланыштуу мыйзамдарды кайра карап чыгууну сунуштады. Президент мындай тапшырманы өлкөнүн диний иштер жана жарандык коом өкүлдөрү министри Нурлан Ермекбаевге табыштады.

Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, өлкө башчы Казакстанда диний уюмдардын иштешине бардык шарттар бар экенин, ушул тынч жагдайды сактап калуу зарыл деп белгилейт. Бирок диний экстремизмди алдын алуу үчүн аны кайра иштеп чыгуу керек.

Назарбаев министрге диний уюмдар, бейөкмөт ишканалар жана жаштар менен иштешүүнү күчөтүүнү тапшырды.

2011-жылы Казакстанда кабыл алынган "Диний ишмердик жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамда көрсөтүлгөндөй, каттоосу жок бирикмелерге тыюу салынган.

Расмий маалыматка караганда, өлкөдө дин багытында 3600дөн ашуун уюшма бар, алардын көбү мусулманчылык көз карашта.

Укук коргоочулар бул мамлекетте дин эркиндиги чектөөгө алынганын сындап келишет.

XS
SM
MD
LG