Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Ошто имамдар жаштарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаардык казыятынын Ак-Буура бөлүмүнүн имамдары мектеп окуучулары жана студенттер менен жолугушууларды өткөрүп, салттуу диний түшүнүктөрдү жайылтууда. Муфтияттан 6-мартта кабарлашкандай, "Жаштардын адептүүлүгү - биздин келечегибиз" аталышындагы жолугушуулар түрдүү агымдарга азгырылбоо, адамгерчиликтүү болууга үйрөтүү максатында уюштурулуп жатат.

Имамдардын жаштар арасындагы түшүндүрүү иштери укук коргоо органдары менен макулдашып, ишке ашырылууда. Жолугушуулар суроо-жооп иретинде өтүп жатат.

Серепчилер кыргызстандык жаштар арасында мусулманчылыктын салттуу эмес агымдарына азгырылып жаткандар көбөйүп баратканын белгилешет. Ирак жана Сириядагы диний радикал согушкерлердин катарына кошулган кыргызстандыктар саны расмий эсепте 500дөн ашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG