Линктер

дүйшөмбү, 22-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 20:55

Президент аялдарды март майрамы менен куттуктады


Атамбаевдин энелерди куттуктоосу.

Президент куттуктоосунда кыргыз элинде аялдар өзгөчө сый-урматка бөлөнүп келгенин белгилеп, бул "Бейиш эненин таман алдында", "Кыздын кырк чачы улуу" деген сыяктуу учкул сөздөрдө бекем катылганын билдирген.

"Энелерибиздин, эжелерибиздин жана жубайларыбыздын чексиз мээрими эзелтен бизде үй, үй-бүлө, балдар сыяктуу түбөлүк баалуулуктарды сактап келе жатат. Дүйнөдө эне мээримине теңдеш эч нерсе жок" деп белгилеген кайрылууда.

Байыртан оор мезгилде очок сактап, керек учурда жоого каршы аттанган кыргыз аялы бүгүнкү күнү Кыргызстан экономикасын көтөрүүгө ири салым кошуп жатканы белгиленген. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG