Митинг Жалал-Абад облустук администрациянын алдында өттү. Анда камакта жаткан Бектур Асановду бошотуу, президенттин оппозицияны негизсиз каралоосун токтотуусу талап кылынды.
Митингдин катышуучулары 24-мартта масштабдуу акциялар уюштуруларын маалымдашты. Нааразылык иш-чарасына 50 чакты киши катышты. Митингчилер 22-мартта, Бишкекте оппозиция мүчөлөрүнүн соту улануучу күнү кайра чогулмай болуп, тарашты.
Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана Дастан Сарыгулов өткөн жылы май айында "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен кармалып, камакка алынган. Алардын ишин Биринчи Май райондук соту карап жатат. 22-мартта буларга карата сот өкүмү чыгары күтүлүүдө. (RsK/ZKo)