Жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда кар күрткүсү жана көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл сакталышы зарыл.
8-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7 суук, күндүзү 5…10 градус жылыйт.
Таласта түнкүсүн -3…-8 градус төмөндөп, күндүзү 4…9 градус жылуу болот.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүзү 7…12 градус жылуу болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүзү 3…8 градус жылыйт.
Нарын облусунда түнкүсүн -11…-16 градуска чейин төмөндөп, күндүзү 0…-5 градус болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүзү -4…-9 градус суук болот.
8-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү температурасы -3…-5 градус суук, күндүзгү температурасы 8…10 градус жылуу болот.