Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

"Ата Мекен" фракциясынын кызматкери суракка чакырылды


Калысбек Боронбаев
Калысбек Боронбаев

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын катчылыгынын өкүлү Калысбек Боронбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды.

Боронбаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, бул чакыруу партия лидери Өмүрбек Текебаевдин ишине байланыштуу болушу ыктымал. УКМК анын чоо-жайына азырынча комментарий бере элек. Сурак 9-мартка белгиленген.

Калысбек Боронбаев соңку күндөрү социалдык тармактагы баракчасына бийликти сындаган бир катар билдирүүлөрдү жазган.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жемкорлук жана алдамчылык кылган деген айып менен 27-февралда кармалган. Сот аны эки айга УКМКнын абагына камоо чечимин чыгарган.

Башкы прокуратура оппозициялык депутатка орусиялык жаран Леонид Маевскийден 2010-жылы бир миллион доллар алып, “Мегаком” сатылгандан кийин кошумчасы менен кайтарып берерин айткан деген негизде “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, атайын кызматка өткөрүп берген.(SE)

XS
SM
MD
LG