Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

УКМКнын кызматкерлери маңзат менен кармалды


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку жана азыркы кызматкерлери 7,5 кг героин менен кармалышты. Бул тууралуу коопсуздук кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Алар маңзатты мыйзамсыз сатуу менен шугулданып жүрүшкөнү аныкталган.

Ишти ИИМдин башкы тергөө башкармалыгы иликтөөдө. Ал эми кармалгандар Бишкек ШИИБнин убактылуу камоочу жайына киргизилди.
Азырынча кармалган кызматкерлердин аты-жөнү айтыла элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG