Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:33

Украина тышкы иштер министри Павло Климкиндин маалымдоосуна караганда, жолугушууда мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Вашингтон Орусия басымына каршы турууда Киевге колдоо көрсөтүүнү улантарын билдирген.

Климкин менен Тиллерсондун 7-марттагы жолугушуусу президент Дональд Трамптын Орусия менен мамилени жакшыртуу максаты Украинага колдоону кыскартат деген тынчсыздануулар алдында өттү. Бирок Трамптын администрациясы Крым жана чыгыш Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияга киргизилген санкциялар алынбай турганын билдирип келатат.

“Тиллерсон Орусия агрессиясына каршы турууда колдоо улантыларына ишендирди жана Украина региондогу орчун өнөгү экенин белгиледи. АКШ ошондой эле Украинадагы реформаларды колдой бермекчи”,- деди Климкин Тиллерсон менен жолугушуудан кийин. (AiT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG