Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:31

8-марттагы Кабулдагы аскер ооруканасына кол салуудан набыт болгондор саны 49 кишиге жетти. 68 киши жарадар болушкан. Башка маалыматтар боюнча жарадарлар саны 90ду чамалайт.

Алар дарыланып жаткандар, дарыгерлер жана медицина кызматкерлери.

Күбөлөрдүн айтуусунда, адегенде жанкечти 400 орундуу оорукананын арткы эшигин жардырган. Андан соң үч адам кирип келип, автоматтан ок жаадырышкан.

Коргоо министрлигинин расмий өкүлү, генерал Давлат Вазири оорукана имаратынын ичинде коопсуздук күчтөрү чабуул койгондор менен бир нече саат бою атышып, жок кылышканын билдирди.

Оогандагы ири аскердик оорукана АКШ элчилигинин жанында жайгашкан.

Чабуулга жоопкерчиликти өзүн “Ислам мамлекети” атаган террордук топ алды.

XS
SM
MD
LG