Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:26

Бейшембиде, 9-мартта Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэль Орусияга келишет.

Алар биргелешкен жыйын эмес, өз ара жолугушууларды өткөрөт.

Нетаньяху Иран жана анын өнөктөштөрүнүн Израил түндүгүндөгү чек арасында турушуна каршы позициясын Путин менен талкуулоону көздөөдө.

“Бул Израилдин коопсуздугун камсыздоо үчүн өтө маанилүү жолугушуу. Терроризмди жеңүү Иран жана ага жакын тараптардын террорун күчөтпөшү керек”,- деди Нетаньяху.

Ал эми орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Зигмар Габриэль Украина чатагына байланыштуу маселелерди талкуулашат.

Эрдоган Путин менен 10-мартта жолугушуп, Сирия жаңжалы, “Түрк агымы” газ түтүгүнүн жана Аккуйю АЭСинин курулушун сүйлөшөт.

XS
SM
MD
LG