Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:27

Социал-демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Узарбек Жылкыбаев “Ата Мекен” партиясынын президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгын текшерүү үчүн көз карандысыз дарыгерлерден комиссия түзүлсүн деген талабын чектен чыккандык деп эсептейт:

- Акыркы убактарда “Ата Мекен” партиясы агонияга алдырып жаткансып сезилет. Эл шайлаган президентке мындай мамиле кылгандар мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылышы керек. Бул аша чапкандык, чектен чыккандык. Парламент кандай жогорку орган экенин биз ансыз деле билебиз.

"Ата Мекен" партиясы 9-мартта тараткан билдирүүсүндө “президент ар кандай себептер менен өзүнүн саясий оппоненттерин, жарандык коомду, маалымат каражаттарын өлкөдө туруксуздук жаратууга аракеттенип жатат деп айыптап келет. Ошол эле учурда өзү жоопкерчиликсиз жана жалган айыптоолору менен коомчулукту жарга түртүп жатат» - деп айтылган.

Мындан тышкары билдирүүдө президенттин “Ата Мекенди” "сасык партия" деп айтканы, ушундай эле маанидеги сөздөр мурда “Өнүгүү-Прогресс”, “Бир бол”, “Кыргызстан” жана “Республика - Ата Журт” партияларынын дарегине да айтылганы белгиленген.

Президенти Алмазбек Атамбаев 6-мартта "Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу жыйыны эмес, ушак чыгаруу жыйыны болуп калды” деп айтып, айрым партияларды "сасыган партия", кээ бир адамдарды "мародер" деп атаган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG