Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Казакстанда Конституциялык кеңеш Назарбаевдин реформасын колдоду


Казакстандын Конституциялык кеңеши Баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү – Негизги мыйзамга каршы келбейт деген бүтүм чыгарды.

Парламент 6-мартта Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырган.

Президент Нурсултан Назарбаев Конституцияда белгиленген баалуулуктарга жана мамлекетти башкаруу формасына шайкеш келерин аныктоо үчүн 6-мартта долбоорду Конституциялык кеңешке жолдогон.

Конституциялык реформага ылайык, президенттин айрым ыйгарым укуктары өкмөт жана парламентке өтөт. Мамлекеттик программаларды жана каржылоонун бирдиктүү системасын, ошондой эле бюджеттин эсебинен каржыланчу бардык органдардын кызматкерлеринин эмгек акыларын бекитүү боюнча президенттин ыйгарым укуктары өкмөткө берилет. Министрлик орундарга талапкерлерди президентке премьер-министр сунуштайт. Тышкы иштер, ички иштер жана коргоо министрлерин мамлекет башчы өз алдынча дайындайт. Андан тышкары Казакстандын туңгуч президентинин макамы Конституциянын дагы бир беренесинде бекитилет.

Казакстандын учурдагы Конституциясы 1995-жылы жалпы улуттук референдумда кабыл алынган, андан бери ага бир канча жолу өзгөртүүлөр киргизилген.

XS
SM
MD
LG