Тынчсыздануу Орусия менен анын Балкан чөлкөмүндөгү өнөктөштөрүнүн айрым аракеттеринен улам чыгууда.
Европадагы айрым лидерлердин пикиринде, “тышкы таасирлер” Балкан чөлкөмүндөгү жиктешүүгө шыкак берүүдө.
Британия премьер-министри Тереза Мэй Лондон келерки жылы Батыш Балкан боюнча саммит өткөрөрүн жарыялап, “бул аймакта бейстабилдүүлүк потенциалы жана Европанын жамааттык коопсуздугуна коркунуч туудурган тобокелдиктер күчөгөнүн" белгиледи.
Черногориянын бийликтери буга чейин Орусия артында турган сербдер былтыр октябрдагы шайлоо учурунда премьер-министр Мило Жукановичти өмүрүнө кол салууга аракеттенип, өлкөнү башаламандыкка алып барууну көздөгөн деп жарыялаган.
Черногория быйыл жыл соңунда НАТОго кошулууну мерчемдөөдө, Орусия муну чагым жана анын коопсуздугу үчүн коркунуч катары санайт.
Евробиримдик Батыш Балкан өлкөлөрүнө экономикалык жана саясий реформалар уланган шартта жардам жана толук кандуу мүчөлүктү сунуш кылган эле. Бирок бул иштердин аткарышынын кечеңдеши жараяндын акыркы жыйынтыгы боюнча эки тараптан тең күмөн саноолорду жаратууда. (UE)