Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

КСДП "24.kg" менен Карасартовадан 2 млн сом талап кылууда


Соттун чакыруу кагазы.
Соттун чакыруу кагазы.

КСДПнын "24.kg" агенттигине жана жарандык активист Рита Карасартовага каршы берген доо арызы боюнча бүгүн Свердлов райондук сотунда алгачкы жараян өттү. Анда жоопкер тараптын өкүлдөрү партиянын доо арызы менен таанышты.

Социал-демократтар партиясы жарандык активист Рита Карасартова менен "24.kg" маалымат агенттигинен ар биринен 1 млн сомдон төлөтүп берүүсүн соттон өтүнүүдө. Бул тууралуу партиянын юристи Таалай Усубалиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, маалымат агенттиги буга кошумча сайтында мурда жарыяланган маалыматты төгүндөгөн текст жарыялоого тийиштиги суралган.

Таалай Усубалиев тараптарга ишти сотко жеткирбей эле сүйлөшүп алууга мүмкүнчүлүк берилгенин белгилеп, жоопкер тарап мындай кадамга барса, ага жооп партия жетекчилиги менен сүйлөшүүдөн кийин берилерин кошумчалады.

Бийликтеги КСДП партиясы 9-мартта жарандык активист Рита Карасартованы жана "24.kg" агенттигин "ар-намысына жана абийирине шек келтирди" деген жүйөө менен сотко берген. Маалымат агенттиги менен жарандык активист башкаруучу партиянын бул кадамын бийликтин сөз эркиндигин кысуу аракети катары баалоодо.

Доо арыз боюнча соттук териштирүү 24-мартта башталат.

XS
SM
MD
LG