Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:35

Кыргызстанда үч миңден ашуун бала мектепке барбайт


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Мындай маалыматты билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев парламенттеги социал-демократтар фракциясынын 10-марттагы жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, 1-класска тиешелүү курактагы балдардын 98% мектепке барган. Ал эми үймө-үй кыдырып текшерүү учурунда мектеп жашындагы 3045 бала мектепке барбаганы аныкталган.

Булардын арасында диний себептерден улам же ата-энеси миграцияга кетип, кароосуз калган балдар бар экенин белгилеген Салидинов жергиликтүү мугалимдер жана бийлик өкүлдөрү андай балдардын жакындары, ата-энелери менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында аларды окууга тартууга аракет жасалып жатканын ырастады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG