Линктер

жума, 14-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 18:41

Москвада Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүлөрү өтүүдө


Эрдоган жана Путиндин Кремлдеги кездешүүсү. 10-март, 2017-жыл.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Москвага бул сапары Анкаранын НАТОдогу өнөктөштөрү жана Евробиримдик менен мамилеси чыңалып турган кезге туш келүүдө.

Эки өлкө президенттеринин Москвадагы бул жолугушуусунда Сирия менен Ирактагы жаңжалдар, Түркия менен Орусиянын экономикалык байланыштары, анын ичинде экономикалык кызматташтыгы талкууланары айтылган.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби “мүмкүн болушунча кеңири болорун” белгилеген.

Акыркы эки жылдан бери Орусия менен Түркиянын алакасы кризистик учурларды да баштан кечирди. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн ачылышында Путин “алар эки өлкөнүн алака-катышы ыкчам калыбына келип жатканына кубанычта экендигине” көңүл бурду.

Кечээ Орусия Түркиядан гүл жана жер-жемиш импорттоого киргизилген чектөөнү жойгонун жарыялаган.

Мындай чектөө башка чаралар менен катар Орусиянын аскерий учагы Сирия менен чек арада атып түшүрүлгөндөн кийин киргизилген болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG