Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

АКШ генералы: Ооганстанда аскерлерди көбөйтүү зарыл


Жозеф Вотел
Жозеф Вотел

АКШ армиясынын Борбордук командачылыгынын башчысы Жозеф Вотелдин айтымында, Ооганстанда америкалык аскерлердин санын көбөйтүү "Талибанга" жана башка согушчан топторго каршы күрөшүү үчүн керек.

Генерал Жозеф Вотел Сенаттын Аскерий иштер боюнча комитетиндеги жыйында белгилегендей, АКШнын кошумча күчтөрү Ооганстанда “жардам көргөзүү жана кеңеш берүү миссиясы кыйла эффективдүү аткарылуусун камсыздоо үчүн зарыл".

Америкалык генерал кошумчалагандай, алар азыр Ооганстанга "Талибанга" каршы күрөштөгү туңгуюкту бузгудай стратегия үстүндө иштеп жатышат.

АКШ жана НАТО өлкөлөрү Ооганстандагы аскерлеринин басымдуу бөлүгүн 2014-жылдын аягына карата чыгарып кеткен. 2017-жылдын башына карата Ооганстанда АКШнын 8400дөй жоокери калган.

Коргоо министри Жим Маттис президент Дональд Трампка Ооганстандагы аскерлердин саны боюнча сунуштарды берүү алдында турганын өткөн айдын аягында билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG