Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Regnum: Кыргызстандагы редакторубуз өлкөдөн чыгарылды


Орусиялык Regnum маалымат агенттиги 10-мартта билдиргендей, алардын Кыргызстандагы шеф-редактору, Орусиянын жараны Григорий Михайлов өлкөдөн чыгарылган.

Агенттиктин сайтындагы маалыматка караганда, журналистти Казакстандын чек арасына Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин 10-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери жеткирген.

Алардын текшерүүсү учурунда Михайловдун Кыргызстанда каттоо мөөнөтү өтүп кеткени аныкталган, бирок өлкөдөн чыгарууда ага кандайдыр бир расмий кагаз берилген эмес.

Regnum жазгандай, журналистти Казакстандын аймагынан кайра Кыргызстанга кирүүгө аракеттенгенде ал кара тизмеде экени билинген.

Орусиялык агенттик 10-марттагы маалыматында шеф-редактору Кыргызстандан чыгарылышын анын кесиптик ишмердигине тикелей байланышы бар-жогун көргөзгөн эмес.

Бул маселе боюнча Кыргызстандын Ички иштер же Тышкы иштер министрликтери азырынча расмий комментарий бере элек.

Regnum агенттиги 9-мартта өз сайтына “Ата Мекен” партиясынын саясий кеңешинин билдирүүсүнө таянып, “Кыргызстанда оппозиция президентке психиатриялык экспертиза жүргүзүүнү талап кылып жатат” деген аталыштагы макала жарыялаган. (UE)

XS
SM
MD
LG