Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 02:53

Орусияда чыккынчылыкка айыпталган Оксана Севастиди эркиндикке чыкты


Оксана Севастиди.

Орусияда чыккынчылык үчүн соттолгон Оксана Севастиди абактан бошотулду. Бул тууралуу анын адвокаты Евгений Смирнов кабарлады. Маалыматка ылайык, Севастиди Москвадагы Лефортово тергөө абагынан боштондукка чыкты.

7-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Севастидиге ырайым кылуу боюнча жарлыкка кол койгон. Жарлык бүгүн күчүнө кирди.

Сочинин тургуну Севастиди саясатка эч тиешеси жок жөнөкөй дүкөнчү болгон. Ал 2008-жылы Абхазия жана Түштүк Осетия боюнча куралдуу жаңжал учурунда орусиялык танктардын Грузияга жөнөгөнү тууралуу грузин таанышына смс жөнөткөн. Бул аракети чыккынчылык катары таанылып, Оксана Севастиди жети жылга эркинен ажыратылган.

Ал камакта отурган кезинде абактагы шарттын начардыгы боюнча бир нече жолу даттанган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG