Линктер

шейшемби, 26-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:03

Эфиопиянын баш калаасы Аддис-Абебдеги таштанды төгүүчү жай көчүп, ондогон адамдарды басып калды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, кырсык 13-мартка караган түнү болгон. Ондогон адамдар дайынсыз бойдон калууда.

Таштанды көчкөн маалда ал жерде 150дөй адам болгону айтылууда. Алар таштандынын жака белинде арзан батирлерде ижарада жашаган бей-бечаралар экени маалым болду.

Шаар мэриясынын маалымат катчысы Дагмавит Могестин айтымында, мерт кеткендердин көбү аялдар жана балдар. Таштандынын алдынан дагы сөөктөр чыгышы мүмкүндүгү боолгонууда.

Коши деген ат менен белгилүү бул жайга таштанды төгүлүп келе жатканына 50 жыл болду.

XS
SM
MD
LG