Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Чым-Коргондо митингге чыккандар тарашты


Чүйдүн Кемин районунун Чым-Коргон айылында жер маселесине байланыштуу бүгүн митингге чыккандар тарап кетишти. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Күбөлөрдүн айтуусунда, 300 чамалуу, милициянын эсебинде 60тай адам Кемин-Бишкек жолун тосууга барарын эскертишти, бирок жол тосулган жок.

Митингчилердин маалымдашынча, 15 гектардан ашуун жер 2007-жылы корей ишкерлерге картошканы кайра иштетүүчү завод куруу үчүн сатылган. Бирок андан бери ал жер пайдаланылбай жатат.

Район акими Улан Карагулов жер корейлерге сатылганын бышыктап, бул маселеде атайын комиссия түзүлгөнүн "Азаттык" радиосуна билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG