Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Түркия Голландия менен сүйлөшүүлөрүн токтоторун жарыялады


Голландиядагы түрк диаспорасынын демонстрациясы.
Голландиядагы түрк диаспорасынын демонстрациясы.

Түркия Голландия менен жогорку деңгээлдеги бардык сүйлөшүүлөрүн токтоторун жана Евробиримдик менен Европага агылган качкындардын агымын кармап туруу боюнча келишимди кайра карап чыгарын жарыялады. Бул тууралуу 13-мартта вице-премьер-министр Нуреттин Жаныклы билдирди. Ошол эле учурда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган НАТОго мүчө өлкөлөрдүн дарегине ызалуу сөздөрүн айтып, Германия канцлери Ангела Меркелди "террорчуларды колдойт" деп айыптады. Өткөн жумада ал Голландияны нацисттерге салыштырган.

Түрк бийлиги Евробиримдик өлкөлөрүнүн саясий митингдерди өткөрүүсүнө каршы чыкканына нааразы болууда. Өткөн аптада Германия, Голландия өз аймактарындагы түрк диаспораларына Башмыйзамды өзгөртүүгө үгүттөгөн саясий митингдерди өткөрүүсүнө тыюу салган. Башмыйзам Түркияда президенттин бийлигин бекемдейт. Бул боюнча референдум Түркияда 16-апрелде өтөт.

XS
SM
MD
LG