Линктер

ишемби, 27-май, 2017 Бишкек убактысы 02:52

Сириядагы адам укугун иликтөөчү борбор 13-мартта согуштун курмандыктары тууралуу жаңы маалымат таратты. Ага ылайык, 2011-жылдын мартынан берки согушта 321 миң киши набыт болгон. Алардын 96 миңден ашууну тынч тургундар, 17 миңден ашууну балдар деп маалымдайт AFP агенттиги.

Сириялык укук коргоочулардын эсебинде алты жылдык согушта кеминде 60 миң киши кыйноолордон жана түрмөлөрдөгү адам чыдагыс абалдан улам курман болушкан. Дагы бир нече миң киши жихадчылардын жана козголоңчулардын түрмөлөрүндө каза табышты.

Сирияда согушка чейин 23 млн киши болсо, жарымы башка өлкөлөргө баш калкалоого аргасыз болушкан. Сириянын өзүндө эле 6,5 млн киши согуштан качып, жер которгон.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча, учурда 4,7 млн сириялык кыйраган шаарларда, оор шарттарда жашап жатышат.

XS
SM
MD
LG