Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Кардан жабыркаган Ат-Башынын тургундары жардам сурайт


Иллюстрация
Иллюстрация

Нарындын Ат-Башы районунда бороон айдап келген кар күрткүдөн жабыркагандар өкмөттөн жардам сурап жатышат. Өрөөндө 12-марттан бери кар жаап, ага кошумча шамал айдап короолорго күрткү толуп калганын жергиликтүү жашоочулар "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Мындай кырдаал айрыкча Ак-Сай, Ак-Муз жана Өзгөрүш айылдарында түйшүк жаратууда.

Өрөөндүн жашоочусу Токтобек Исаков аксакал телефон аркылуу буларды билдирди:

- Бир метрдей кар жаады. Күнүгө 10-15 см кошулуп жатат. Анын үстүнө бороон айдап, кээ бир жерди үч метрге чейин көтөрүп салды. Бизге жардам бербесеңер болбойт.

Исаковдун айтымында, унаалардын күйүүчү майы түгөнүп, мал кармоодо кыйынчылык туулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрөөндөгү катаал аба ырайы тууралуу 14-мартта маалымдап, кардын калыңдыгы 2,5 метрге жетип калганын айткан.

13-мартта министрликтин райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы аталган кыштактарга барып, күрткүнү тазалоо иштерин баштаган. Бирок бороондон улам кайра эле кар басып, кыйынчылык жаралууда. Министрликтин маалымат кызматы тазалоо жумуштары бороон токтогондо уланарын кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG