Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Өзгөн районуна жаңы аким дайындалды


Ош облусунун Өзгөн районуна Олжобай Осмоналиев аким болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 14-мартта кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчынын дагы бир буйругу менен мурунку аким Аттокур Тажибаев кызматынан бошотулду.

Жаңы аким Олжобай Осмоналиев буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда бөлүм башчы болуп иштеген. (SE)

XS
SM
MD
LG