Юристтер Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин башкы көзөмөл органына жазган арыздарына байланыштуу көрсөтмө берүү үчүн 15-мартта Башкы прокуратурага чакырылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна юрист Токтакунова маалымдады:
- Башкы прокуратурадан Улук деген жигит телефон чалып, "9-мартта берген арызыңыздар боюнча көрсөтмө берип кетиңиздер" деп чакырды. Эмнелерди сурары алдын ала айтылган жок. Кагаз жүзүндө чакыруу берилген жок.
УКМКнын тергөө абагында жаткан Текебаев 9-мартта Башкы прокуратурага кайрылып, президент Алмазбек Атамбаевдин 6-мартта мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып айткан сөздөрүнө укуктук баа берүүсүн суранган. Ошондой эле президенттин саламаттыгын текшерүү үчүн психиатриялык экспертиза жүргүзүү боюнча да өтүнүч келтирген.
Президент Алмазбек Атамбаев 6-мартта мамлекеттик резиденцияда сыйлык тапшыруу аземинде парламентти ушак таратуучу жерге айланды, айрым депутаттарды "мародер", партияны "сасык" деп айткан. (ZKo)